Саякатчы-блогер Николай Гладков Караколдогу Арашан тилкесинин кооздугу тартылган видео жарыялап, бирок көп бак-дарактар кыйылып жатканын билдирген.
«Жаратылышты өлтүрүп жатып, өзүбүздү акырындык менен өлтүрүп жатканыбызды сезишибиз керек. Бизден кийин эмне калат?» — деп жазган ал.
Бул боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымат беришти. «Министрликтин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгы кызматкерлери, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик экологиялык милициясынын кызматкерлери менен биргеликте, 30-январда Ак-Суу токойчулугунун №7 токой кыдырмасынын 27-кварталындагы, тандалма суюлтуп кыюу жүрүп жаткан карагайлардын мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — дешти.