«Өзүмдүн балдарыма кошуп, багар-көрөрү жок 25 баланы асырап алгам» деген Super TV’нын каарманы көз жумду

SuperTV телеканалы мындан 7 ай мурда Сокулук районунун Маловодное айылында 30 бала менен очор-бачар жашаган үй-бүлөнүн үйүнө барып, алардын жашоосун чагылдырган. Балдардын атасы Иса Өмүракунов “Өзүмдүн 5 балама кошуп, багар-көрөрү жок 25 баланы асырап алгам” деген эле.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Иса Өмүракуновдун каза болгону маалым болду. Маалыматты анын жубайы тастыктап, жолдошу кечээ, 25-декабрда каза болгонун, эртең, 27-декабрда акыркы сапарга узатыларын айтты.

«200дөн ашуун бала атасыз калды. Жубайы экөө өлкө боюнча 200 же андан көп балдарды тарбиялап, жылуу мамиледе болушкан. Ал эми ар кайсы улуттагы, ар кандай курактагы балдар аны Ата деп аташкан», — деп жазды социалдык тармактын колдонуучусу Нуриля Чолпонбаева.