«Өзүмө-өзүм кол салганга даярмын». Тиш дарылатып чарчап калган кыздын чоң энеси президент менен жолугууну талап кылды (видео)

18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. Анын чоң энеси менен атасы акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Бүгүн, 31-январда чарчап калган кыздын чоң энеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, кармалган анестезиолог үй камагына чыкканын билдирип, акыйкаттык таппай жатканын айтып, митингге чыкканын билдирди. Алар президенттик администрациянын алдында президент Садыр Жапаров менен жолугууну талап кылып турушат. Чоң энесинин айтымында, сот туура эмес чечим чыгарды. «Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден үмүтүбүз чоң. Менин балам ит эмес да. Үй камагына чыгарып жиберди. Бизди өлкө башчысы кабыл алсын. Азыр кантип келиниме угузам? Өзүмө-өзүм кол салганга даярмын. Мени неберемдин жанына көмсүн», — деди чоң энеси.