Өзүн-өзү тиштеген эшектин видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Баткенде тартылган видео менен бөлүшүп жатышат. Анда эшектин өзүн-өзү тиштегилеп жатканын көрүүгө болот. Маалыматтарга караганда, кутурмага шектелген эшек өлтүрүлүп, лабораторияга жөнөтүлгөн.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган 8 бейтап ооруканага жаткырылганын билдирген. Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында, Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып, жок кылынган. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат.

Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган. Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда.

 Сезимталдарга видеону көрүү сунушталбайт.