Кадамжай районунун Нурхан аттуу тургуну «ажылык зыяратка барам» деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди.
Кечээ, 24-апрелде Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында көпүрөнүн ачылышы болду. “Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди”, — дейт ал.