Пакистан Кыргыз өлкөсүнүн 4 жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Пакистан медициналык багыт боюнча адистерди даярдаган Кыргыз өлкөсүнүн 4 жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин медициналык комиссиясынын сайтында маалымат жарыяланды.

Кара тизмеден Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Орус славян университети, Ош мамлекеттик университети жана Медицина боюнча эл аралык жогорку мектеби чыгарылган. Аталган окуу жайлар комиссия тарабынан жетиштүү баа алган. Бул 4 ЖОЖдун дипломдору жана сертификаттары Пакистандын лицензия берүү боюнча комиссия тарабынан таанылат.

Буга чейин октябрь айынын соңунда Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү бардык медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизип, өз студенттерине ал окуу жайларга тапшырууну сунуштабай турганы маалым болгон. Мунун себебин Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү болгон пакистандыктардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө алышпайт жана алардын диплому Пакистан Ислам Республикасында таанылбайт деп түшүндүрүлгөн болчу.