Пакистан Кыргызстандагы бардык медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизди

Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү бардык медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизип, өз студенттерине ал окуу жайларга тапшырууну сунуштабайт. Мунун себеби — Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү болгон пакистандыктардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө алышпайт жана алардын диплому Пакистан Ислам Республикасында таанылбайт.
Кырдаал боюнча Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуп, талкуулаганын аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаралган кырдаал Кыргыз өлкөсүндөгү инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан Жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө, өзгөчө медициналык окуу жайларга болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөрү айтылды.

Муну менен катар жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында министрликтин жетекчилиги пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырып, бир нече тапшырмаларды бергени маалым болду. Алар:

• Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү;
• Билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү;
• Эл аралык аккредитациялардан өтүү;
Кыргыз мамлекетинде жалпы билим алып жаткан 9 миңге жакын пакистандык, 9 миңден ашуун индиялык студент бар. Алардын көбү медициналык окуу жайларда окушат.