Пакистанда жашаган кыргыздар 5 тил билсе да, кыргыз тилине башка бир да сөз кошпой сүйлөшөт

«Пакистанда жашаган кыргыздар 5 тил билсе да, кыргыз тилине башка бир да сөз кошпой сүйлөшөт». Бул тууралуу аталган өлкөдө жүргөн ишкер Рысгүл Акимжанова соцтармактагы баракчасына жазды.

«Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар мындан дээрлик 100 жыл мурун Кыргызстандан чыгып кетип, бир нече жылдары, бир канча жерлерди кезип жүрүп, акыры Пакистандын Иммит деген айылынан орун алган. Пакистанда жашаган кыргыздардын бар экенин көпчүлүк билбейт. Ошол эле убакта, жүз жыл мурун башка өлкөгө чыгып кетсе, башка элде жашап, башка тилде сүйлөп, башка коомго сиңип кетиш керек болгон элдин өз уңгусун, өзөгүн, тилин сактап калганын мына көрүп коюңуздар!

Кыргызстанда жашап, орусча сөздөрдү кошпой, так кыргызча сүйлөй алабызбы? Эң азы 5 тил, болбосо ондон ашык тил билген кыргыз туугандарыбыз кыргыз тилине бир (грамм) да башка сөз кошпой, нукура сүйлөп жатат. Албетте, диалект бар, бирок жүз жыл кыргыз көрбөгөн кыргыздар үчүн кыргызчасы абдан сонун сакталган.

Жаныбек казынын урпагы Мохаммад Захиджан өзүнүн чоң аталарына окшоп, курч, өткүр, кыраакы, дипломат, абдан мыкты жигит экен. Этникалык кыргыздар үчүн өтө чоң нерселерди жасайт экен. Ошол эле убакта Захиджан мырза атайы бир кызматта турбаса да аброю бийликке, коомго өтө чоң экен. Министрдей эле кабыл алышат экен», — деп жазды ишкер.

Ал Гилгит шаарында жашаган кыргыздар менен болгон жолугушууда Мохаммад Захиджандын сүйлөгөн сөзүнөн бир үзүм деп видео да жарыялады.