«Пакистанда сел жүрүп, Өзбекстан түшүмсүз калды». Айыл чарба министри пияздын кымбаттоо себебин атады

Пияз эмне себептен кымбаттап жатат? Картошка менен сабиздин да баасы көтөрүлөбү? Деги эле жазында кайрадан кымбатчылык күтүлбөйбү? Ушул жана башка суроолорго айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков SuperTV телеканалына маек берип жатып жооп берди.

«Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык аймактан сырткары боло албайт. Жыл башында пияз менен сарымсактын баасынын кескин жогорулап кетүүсүнө эки фактор таасир этти. Биринчиси — бул дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө пияз экспорттогон Пакистанда абал экспорттомок түгүл, өздөрү импорттогонго түшүп калды. Ал жерде сел жүрүп, пияз айдаган аянттар жараксыз болуп калды. Өзбекстанда да бир топ пияз берген аянттар түшүм бербей калды», — деди министр.