Пакистандык студенттердин Кыргызстанда тийиштүү деңгээлде билим албай жатканы айтылды

10-январда Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда медициналык билим берүү системасын уюштуруу жана  жогорку медициналык окуу жайлардын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана фармацевтика тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун жаңы перспективалары каралды.

Жолугушууда Пакистандын саламаттыкты сактоо министри доктор Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтө алышпайт деген пикирин билдирди. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетин билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев кесиптешине жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз кезегинде Кыргызстандагы тиешелүү билим бербеген медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда мындай ЖОЖдордун студенттерин алардын талабы боюнча башка окуу жайларына которууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты жемиштүү улантуу, атап айтканда, медициналык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууну сунуштады.