Палестина-Израиль куралдуу кагылышы. УКМК эскертүү жасады

Учурда палестина-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылууда. Буга байланыштуу УКМК Кыргыз жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышкандыгы, же террористтик даярдыктан өткөндүгү болсо, ал үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертти.

«Эгерде адамдын куралдуу кагылышуу зоналарына катышуу ниетинин же жөнөтүлүү ниетинин белгилери бар болсо, же ага түрткөн болсо, алар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат), 416-беренеси (жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет», — дешти.