Памирден Бадахшанга дарыланууга барган памирлик кыргыздар жардамга муктаж

Ооганстандын Бадахшанына дарыланууга Памирден барган кыргыздар көчөдө калышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине памирлик кыргыз Турганбай Памири билдирди.

Маалыматка караганда, памирлик кыргыздар Бадахшанга мындан 1 ай мурда барышкан жана чогултуп келген акчасы түгөнүп калган. Азыр алар дээрлик көчөдө калышкан.

«Мындан 1 ай мурун бир канча памирлик үй-бүлө Памир жергесинен Бадахшанга ооруларын көрсөткөнү барышкан. Бирок азыр алар дагы эле толук айыга элек. Бир аз акчалары 1 ай ичинде дары-дармек, тамак-аш, батирде жашап, түгөндү. Азыр жадакалса көчөдө калышты. Айла жоктон алар кыргыз элине, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ушул маселени көтөрүп берет деген ишеничтебиз. Урматтуу кыргыз элим, аларга азыр тез учурда каражат керек болуп жатат. Көп түкүрсө көл болот дегендей, жардам берели», — деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: Мбанк: 0708 16 90 07, О! Деньги: 0708 16 90 07