Пандемиядан бери биринчи жолу. Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жуктургандар аныкталган жок

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жуктургандар аныкталган жок. Мындай көрсөткүч пандемия башталгандан бери биринчи жолу болуп жатат. Ошондой эле соңку суткада каза болгондор да катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 968 адамга жетти. Ал эми аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 991 адамды түздү.