Панфилов паркындагы кырсыктан кийин аттракциондордун баарынын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз кулап түшкөн аттракциондун ээси 35 миң сом айыпка жыгылган.
«Атайын комиссия түзүлүп, жерине кароо жүргүзүлгөн. Алдын ала айтылган версия боюнча, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен. Алардын коопсуздугу текшерилгенден кийин гана иш жанданат.