Панфилов паркындагы кырсык: Кулаган кыздын абалы айтылды

Панфилов атындагы сейил багында аттракциондон кулап кеткен 19 жаштагы кыздын абалында жылыш бар. «Ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду», — деп жазды Акипресс.

Дарыгерлердин айтымында, анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык.