Папан чакан ГЭСине капсула салуу аземи өттү

«Биз касиеттүү Сулайман Тоосунун этегинде жайгашкан Ош шаарын суу менен камсыз кылган Ак-Буура дарыясында ГЭС курган жатабыз. Ушул дарыянын аталышы эле анын күч кубатын билдирип турат. Элибиз байыртан бери билип келген жаныбарлардын эң күчтүүсү, эң кубаттуусу төө болгон. Анын ичинде эң күчтүүсү буура болгон. Ошол буурадай болуп толкуп ташкан дарыяны суктанып убагында биздин залкар акыныбыз Аалы Токомбаев да ыр жазган. Ошондой эле бул жаныбарды өзүнүн чыгармасында Чыңгыз Айтматов дагы жазган. Эми ошол күч кубаттын баарын электр энергиясына айлантып, элибиздин бакубат турмушуна өбөлгө болсун деген ниет менен биздин азыркы аракет болуп жатат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Папан чакан ГЭСине капсула салуу аземинде.

МинКаб башчысы белгилегендей, акыркы жылдары мамлекет электр энергиясын өндүрүү маселесине катуу көңүл буруп жатат. Быйыл эле Бала-Саруу Көгарт, Кайнама ГЭСтери ишке берилди. Ал эми Папан суу сактагычына курулуучу чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт, жылына орточо 103 миллион кВт/саат электроэнергияны өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 миллион доллар.

Маалымат үчүн: Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы, Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып,1985-жылы ишке киргизилген.