Паранжы менен узун сакал. «Кыска шорта кийген аялдар деле жүрбөйбү» дейт депутат

Депутат Шарапаткан Мажитованын паранжы менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Биз демократиялуу мамлекетте жашайбыз. «Сен мындай кийин» деп айтканга эч кимдин акысы жок. Сыртта жылаңач жүргөн аялдар бар. Аларга унчукпайт. Анан сакал койгондорго деп жатат. Эркектер сакал коёт. Ал туура эле. Шариат боюнча аял жүзүн жабышы керек. Диндин иштерине саясатта кийлигишүүдө этият болушу керек», — деди депутат Жалолидин Нурбаев.