«Паранжа парз эмес». Муфтият паранжа кийип, сакал коюуга айып салуу мыйзам долбоору боюнча үн катты

Өлкөдө паранжа кийгендерге, сакал коюуга айып салуу каралып жатат. Мыйзам коомдук талкууга коюлду. Муфтият бул боюнча үн катты.

«Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же тасаттур деп айтылат. Бирок никаб (паранжа) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб негизги парз. Хижабдын белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет. Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден. Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз»,- деп айтылат маалыматта.