Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

23-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Пархат Тулендыбаевди Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

Ал Ош шаарына мэр болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаевден кийин бош калган «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мандатын алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага депутаттык күбөлүгүн жана төш белгисин тапшырды.

Тулендыбаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болгон.