Париж Олимпиадасы: Мечиттерде спортчуларга дуба кылынат

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Франциянын борбор шаары Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп жаткан кыргызстандык спортчулар үчүн дуба кылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Эгемендүү мамлекетибиздин намысын коргоп, туусун көтөрүү үчүн олимпиадага аттанган спортчуларыбызга ак бата берип, дайыма дуба кылып турабыз. Алла Таалам уул-кыздарыбызга күч-кубат берсин. Албетте олимпиадага катышуунун өзү жетишкендик. Жаратканым балбандарыбызга ийгилик ыроолоп, өлкөбүздүн туусун бийиктерде желбиретишти насип кылсын», – деди ал.

Жетекчи өлкө аймагындагы 1482 мечитте жума күнү спортчулар үчүн дуба кылынарын, бул боюнча тапшырма берилгенин кошумчалады.