Парламент 5-июлда ишин улантат

Жогорку Кеңешинин депутаттары өлкөбүзгө зарыл болгон жана колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«2021-жылдын 5-июлунан 30-июлуна чейин Жогорку Кенешинин кезексиз сессиясын чакыртууга тескеме кабыл алынды. Кезексиз сессиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан зарыл болгон мыйзам долбоорлору каралып, өлкөбүз үчүн маанилүү маселелер талкууланат»,- деп айтылат маалыматта.