Парламент «Балдар кодексин» үч окууда кабыл алды

Парламент «Балдар жөнүндө кодексин» үч окууда кабыл алды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

2017-жылы депутаттар, укук коргоо, сот органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, балдар менен иштеген уюмдар, илимпоздор жана адистерден турган жумушчу топ түзүлдү. 2,5 жыл аралыгында топ Кыргызстандагы балдарды коргоонун көйгөйлөрүн жалпылап, мыйзам долбоорунун пакетин, анын ичинде Балдар кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгышты.

Буга чейин министрлер кабинети Балдар кодексинин жаңы редакциясын кароону кийинкиге жылдырууну сунуш кылган.