Парламент Гүлшат Асылбаеванын талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Тизме

Архив

Жогорку Кеңеш Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Жалган жана анык эмес маалыматтардан коргоо жөнүндө” чуулгандуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Депутаттар бир нече жолу добуш берүүгө аргасыз болушту, анткени ар бир жолу кимдир бирөө кнопканы басууга үлгүрбөй жаттык. Натыйжада 97 эл өкүлү «макул», 5 «каршы» добуш берди.