Парламент интернетте мазактоо жана жалаа жапканы үчүн айып салуу мыйзамын кабыл алды. Кайсы депутат кандай добуш берди? 

Бүгүн, 19-декбарда Жогорку Кеңеш интернетте мазактоо жана жалаа жапканы үчүн айып салуу мыйзамын кабыл алды.

Айыптын көлөмү жеке жактарга — 20 миң сом, юридикалык жактарга — 65 миң сом. Парламентте 68 депутат макул болсо, төртөө каршы добуш берген.

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына кайсы депутат кандай добуш бергенин жарыялады.