Парламент интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-жаза кодексине массалык маалымат каражаттарында жана интернетте жалган жалаа жабуу жана мазактоо боюнча кошумча беренени киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Катталган 80 депутаттын 63ү “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш беришти. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте айтылган мазактоо, башкача айтканда, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинткендиги үчүн жеке жактарга 100 000 сом мыйзамдуу түрдө айып салуу сунушталууда. Юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат. 

Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына кайсы депутат кандай добуш бергенин жарыялады.