Парламент «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды

Парламент «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды. Чечим көпчүлүк добуш менен бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Депутаттар долбоордун концепциясын кабыл алуудан баш тартышты. Парламент документти кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөттү.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорлору дагы күн тартибинен алып салынды.