Депутат: «Фамилиясын өзгөрткөндөр документтердин баарын алмаштырышы керек болуп калабы?»

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында фамилияны тандоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анда демилгечилердин бири депутат Мирлан Самыйкожо суроолорго жооп берип «каалоочулар -ев, -овада кала берет. Тегин деп өзгөрткөндөр да бар болсо, алар да ошол бойдон кала берет», — деп баяндады.

Эл өкүлү Исхак Масалиев демилгечи депутаттан «Жаңы фамилия алгандар мурунку документтерди алмаштырыш керек болуп калабы?» деген суроо салды. Самыйкожо өз башынан өткөнүн мисалы келтирип, фамилиянын өзгөрүлгөндүгү тууралуу бир эле кагаз берилерин айтты.

Ал эми депутат Дастан Бекешев «тегин» менен «тегинин» айырмасын элге жакшы түшүндүрүү керектигин белгиледи. «Тегин деген талаш сөз, кээ бир жерлерде ал жакшы мааниде колдонулат. Сиз тегиндин түшүндүрмөсүн жокчулукка алып келдиңиз. Философ окумуштуулар да пикирин айтышса, элге түшүндүрмөсүн беришибиз керек?» — деди ал.

«Биздеги бардык сөздүктөрдө «тегин» менен «теги» деген сөздөрдүн айырмасы бар. Тегин дегендин түпкүлүк мааниси «жок» дегенди түшүндүрөт. Ал эми теги мааниси жагынан «так» дегенди берет», — деди Мирлан Самыйкожо.

Мындан тышкары Айтегин, Култегин, Күнтегин деген балдардын аттары бар экендигин, алар чоң ата болгондо Айтегин тегин эмес, Айтегин теги болушу керектигин кошумчалады.

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.