Парламенттик шайлоо. Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо дайындалышы мүмкүн

Архив

Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо дайындалышы мүмкүн. БШК ушундай ойдо.

Эсептөөчү урналардагы маалымат боюнча бул округдар боюнча шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы баарына каршы добуш бергени такталган. Көрсөтүлгөн талапкерлердин бири дагы добуштардын көбүн алган жок.