Парламенттик шайлоо. Бишкекте Равшан Жээнбековго дебатка катышууга уруксат берүү талабы менен митинг өтүп жатат

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.

Алар саясатчыны дебатка катышууга жана талапкерге берилген бекер эфирден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүнү талап кылышууда. Буга чейин анын жактоочусу Замир Жоошев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна тиешелүү өтүнүч кат жолдогон.