Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрда бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир катар талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу тууралуу билдирүүнү карады.
Шайлоого катышуудан баш тарткан 4 талапкер:
— Борочоров Талантбек Айсаракуновичке — №33 Нарын округу боюнча,
— Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович — №33 Нарын округу боюнча,
— Ибраимова Атыркүл Сыйдалиевна — №33 Нарын округу боюнча,
— Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич — №13 Сузак округу боюнча,
Муну менен 24-ноябрга карата бир мандатту шайлоо округунан 284 талапкер калды. Ошондой эле 21 партия бар.