Парламенттик шайлоо. Сот Рыскелди Момбековду жарышта калтырды

«Социал-демократтар» партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбеков шайлоо жарышына кайра коюлду. Мындай чечимди Бишкектин административдик соту чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге саясатчы өзү билдирди. 

Маалыматка караганда, буга чейин талапкер анын каттоосун жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген. Сот анын арызын бүгүн канааттандырган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарган. Буга УКМКнын  Момбековдун Кыргыз улуттук университетинин дипломун жасалмалоо фактысын иликтеп жатканы себеп болгон.