Парламенттик шайлоодо депутаттыкка 20дан ашык журналист ат салышууда

Кыргызстанда 20дан ашуун журналист Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышууга арызын тапшырды. Талапкерлердин маалыматтары БШКнын сайтында жарыяланган.

Маалыматка караганда, айрым журналисттер саясий партиялардан ат салышса, айрымдары бир мандаттуу округдар боюнча өзүн өзү көрсөткөн. Алардын арасында иликтөөчү журналисттер жана өздөрүнүн блог каналдарынын авторлору бар. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын даттануулары боюнча комиссия шайлоого катышып жаткан журналисттерге кайрылып, талапкерлерди депутаттык мандат үчүн ат салышууга болгон ниетин ачык билдирүүгө чакырды.