Парламенттик шайлоонун добуштары саналып бүттү. Босого чектен 6 партия өттү

Парламенттик шайлоонун добуштары 100 пайызга кол менен саналып бүттү. Бир канча күндөн бери жалгыз шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жарыяланбай жаткан эле. 5 пайыздык чектен 6 партия өттү.

  1. «Ата-Журт Кыргызстан» — 17,30%
  2. «Ишеним» — 13,63%
  3. «Ынтымак» — 10,99%
  4. «Альянс» — 8,34%
  5. «Бүтүн Кыргызстан» — 7,04%
  6. «Ыйман нуру» — 6,15%

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Ошол күнү саат 20:00дөн кийин БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетти. Дегенибиз, добуш бергендердин пайыздарын кошкондо 160 пайызга чейин чыгып кетип жатты. Бул талапкерлерде шек жаратканы алар ачык эле айтып чыгышты. Бирок БШК серверде мүчүлүштүк кетпегенин, формула туура эмес киргизилип калганын айтышты. Мындан тышкары, автоматтык урнадан келген алдын ала жыйынтык юридикалык жактан мааниге ээ болбостугу, кол санак гана документ болуп эсептелерин айтышты.