Патриарх Кирилл Ысык-Көлдө токмоктолгон баланы Москвага чакырды

Орусиянын патриархы Кирилл Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген орус улутундагы тогуз жаштагы баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөттү. Бул тууралуу патриархтын басма сөз кызматы билдирди.

Катта бала улуту жана туткан дини үчүн ур-токмокко алынганы жазылган. Патриарх жабыркаган балага көңүл айтып, Москванын православдык ыйык жерлерине зыярат кылып, ишенимин бекемдөөгө чакырды.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Кийинчерээк окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы өз көзөмөлүнө алган.