Баасы — 490 сом. Санэпидемстанцияда ПЦР-тесттин баасы арзандады

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде  ПЦР-тестти 490 сомго тапшырууга болот. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта бир ПЦР-тесттин баасы 490 сом болду. Мурун анын баасы 788 сом болгон. Азырынча тест Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат.

COVID-19га акысыз ПЦР-анализди бекер тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
Баткен окуяларынын катышуучулары;
Эмгектин ардагерлери;
70 жаштан жогору улгайгандар;
«Баатыр эне» орденинин ээлери;
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары жана башкалар.

Иш убактысы: Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30дан 15:00гө чейин.
Жыйынтыктарды ошол эле күнү саат 18:00дөн 21:00гө чейин ала алышат.