ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыктары боюнча иликтөө. Министрлер кабинети териштирүүнү баштоону тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЦР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Эске салсак, журналисттер жасалма жыйынтык алуу үчүн эки өткөрмө бекетке барышкан. Алардын бири Казакстан менен чектешкен «Ак-Жол» бекети болчу. ПЦР-анализинин терс натыйжасы бар жасалма сертификат үчүн алар 3 миң сом сурашкан.