Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча жаңы учак каттамы ачылды

24-январда «Манас» эл аралык аэропортунда Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз каттамдары Кытайдын «China Southern Airlines» авиакомпаниясы тарабынан ыңгайлуу Airbus A320neo учагында аткарылат. Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.

Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.