Пекиндеги Олимпиада оюндарына катышуучу жалгыз спортчуга өлкөнүн туусу тапшырылды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун атынан спортчу Максим Гордеевди алдыда Пекинде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу менен куттуктады. Анда мамлекеттик катчы спортчуга Кыргыз Республикасынын туусун тапшырды.

Ал белгилегендей, мамлекет башчысы жана жалпы Кыргызстан эли өз олимпиада спортчусун сүрөп, Пекинде өтүүчү Кышкы оюндарда өзүнүн чеберчилигин көрсөтөт деп ишенет. Мамлекеттик катчы спортчунун машыктыруучусуна эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн татыктуу спортчуларын тарбиялоодогу аракетин белгиледи. Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов белгилегендей, алар өз кезегинде спортчу эч нерсеге муктаж болбой, бул оюндарга толук даярдык көрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп беришти. “Кыргызстан тоолуу өлкө жана бизде кышкы спортту өнүктүрүү үчүн бай потенциал бар. Мен жакынкы аралыкта Кышкы спорт борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап, стратегияны иштеп чыгууну жана бул үчүн инвесторлорду издөөнү баштоону, ошондой эле туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоону сунуштайм”, — деди тоо лыжачысы Максим Гордеев.

Пекинде өтүүчү Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын делегациясынын курамында 5 адам бар.