«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женгонун» иши кыскартылды

«Женго» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновдун иши кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы токтомунун негизинде Жазык Кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталган Кадырбек Досоновду кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Бул боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш же даттануу түшкөн эмес.

Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык Кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (легализация, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлундагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.