Песков: «Кремль Кыргызстандын президентин күтүп жатат»

Кремль Кыргызстандын президентинин сапарын күтүп, ага даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Владимир Путиндин планында дрондордун чабуулунан кийин чет өлкөлүк лидерлер менен жолугушуусу жок. «Жакынкы жолугушуу Москвада Кыргызстандын лидери менен болот», — деди ал.

Буга чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев  Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 8-майда расмий сапар менен Орусияга барарын билдирген.