«Петарда окуучунун колунда жарылды» деген маалымат — калп

WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу петарданын жарылуусунан манжаларынан жаракат алган өспүрүм бала тууралуу видео тарап жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстандыктар петарданын жарылуусунан манжаларынан жаракат алган өспүрүм бала тууралуу видеону активдүү бөлүшүп жатышат. Маалыматта петарда өспүрүмдүн колунда жарылып кеткени айтылууда. Айрым маалыматтарда бул окуя Кара-Балта шаарында болгону жазылды. Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин маалыматы боюнча, петарда жарылуусунан жабыркаган бейтап бир дагы медициналык уюмга келип түшкөн эмес. Таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт», — дешти.