Pfizer вакцинасынын эриткичтери келди

Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын эриткичтери келди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Борбордун адистери вакциналарды таркатышат. Бишкекте эртең эмдөө башталат, шаршемби күнү дары аймактарга жөнөтүлөт.

7-августта Кыргызстанга Pfizer-BioNTech компаниясынан 100 миң 620 доза вакцина келген. Бирок эриткичи жок келген.