Пиязды экспорттоого киргизилген чектөө алынды

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого коюлган чектөөнү алып салуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрлер кабинети 31-январдан тартып үч айлык мөөнөткө пиязды Кыргызстандын аймагынан чыгарууга тыюу салган. Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган.