SUPER TV’га жалгыз бой эне башынан оор күндөрдү кечиргенин айтып берди. Ал “Адам ооруса, эч кимге кереги жок болуп калат экен, пневмонияга кабылып ооруп жатып калсам, жолдошум таштап кетти” деп көзүнө жаш алды.
Коронавирус илдетинин пандемиясы учурунда өлкөдө үй-бүлө зомбулугу көбөйгөнү маалым. Буга ошол учурда көп адамдардын ишсиз отуруп калганы таасир эткени айтылууда. Акыркы 10 айда 7600дөн ашуун зомбулук, анын ичинен 300дөйү милиция кызматында катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп. Мына ушул иштин алкагында Бишкек шаарында айымдарга жана кыз келиндерге мотивация жана колдоо көрсөтүү максатында “Үмүтүңдү үзбө” аттуу семинар болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучуларынын дээрлик басымдуу бөлүгү үй кожойкелери болсо, бир бөлүгү жалгыз бой энелер жана жаш келин, кыздар да бар. Семинарга келген катышуучулардын бирин кепке тартып, учурдагы семинарга эмне максат менен келгенин сураганыбызда, ал “Адам ооруса, эч кимге кереги жок болуп калат экен” деп, көзүнө жаш алды. Каармандын каалоосу менен, жүзүн жашырыууга туура келди.
Бишкек шаарында бүгүн, 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чаранын башталышына чейин мамлекет башчысы жана биринчи айым Айгүл...
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана...