«Пневмония болуп 6 айлык бала менен жатсам күйөөм таштап кетти» дейт 4 баланын энеси

SUPER TV’га жалгыз бой эне башынан оор күндөрдү кечиргенин айтып берди. Ал “Адам ооруса, эч кимге кереги жок болуп калат экен, пневмонияга кабылып ооруп жатып калсам, жолдошум таштап кетти” деп көзүнө жаш алды.
Коронавирус илдетинин пандемиясы учурунда өлкөдө үй-бүлө зомбулугу көбөйгөнү маалым. Буга ошол учурда көп адамдардын ишсиз отуруп калганы таасир эткени айтылууда. Акыркы 10 айда 7600дөн ашуун зомбулук, анын ичинен 300дөйү милиция кызматында катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп. Мына ушул иштин алкагында Бишкек шаарында айымдарга жана кыз келиндерге мотивация жана колдоо көрсөтүү максатында “Үмүтүңдү үзбө” аттуу  семинар болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучуларынын дээрлик басымдуу бөлүгү үй кожойкелери болсо, бир бөлүгү жалгыз бой энелер жана жаш келин, кыздар да бар. Семинарга келген катышуучулардын бирин кепке тартып, учурдагы семинарга эмне максат менен келгенин сураганыбызда, ал “Адам ооруса, эч кимге кереги жок болуп калат экен” деп, көзүнө жаш алды. Каармандын каалоосу менен, жүзүн жашырыууга туура келди.
Маекти видеодон көрүңүз: