Ошто көрүстөндөргө жаш балдар көп коюлуп жатат деген маалыматка расмий тарап үн катты

Ош шаарында пневмония илдетинен каза болуп, көрүстөндөргө акыркы мезгилде жаш балдардын сөөгү көп келип жатат деген маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри билдирүү таратты. Анда Ош шаарындагы Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери жооп берип, 2021-жылдын январь айында Ош шаарында 356 баладан ар түрдүү жугуштуу дарттар катталганы менен алардын арасынан чарчап калгандар болгон эмес экенин билдирген.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу балдар арасында пневмония менен ооругандар аз», — деп берилген маалыматта.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Ахрор Иминов Оштогу көрүстөндөргө акыркы мезгилде жаш балдардын сөөгү көбүрөөк алып келип жаткандарын айтып, жазып чыккан болчу. Анда ал өлкөдөгү бардык ооруканаларды текшерип, чараларды көрүү керектигин айткан.