Пневмонияга чалдыккан Камчыбек Ташиев чукул жыйынга келди

Бүгүн, 6-январда пневмонияга чалдыккан Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин чукул жыйынына келди. Ал анда Жогорку Кеңештин жыйынында доклад окууга дайындалганы маалым болду. Ошондой эле, Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды жетектөө да жүктөлдү.

УКМКнын төрагасынын өпкөсү кагынып, 4-январда ооруканага жаткан. Кечээ, 5-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ал тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы таза чыкканын айткан.