Поездде туристти сөккөн кызматкер жумуштан алынды (видео)

Социалдык тармактарда Мароккодон келген туристтин видеосу жарыяланды. Ал видео тартайын деген учурда «Кыргыз Темир жолу» ишканасынын жумушчусу келип аны ордуна отурушу керек экенин айтат. Бирок кыз видео тартып жатканын айтканда ал сөгүнгөн.

Турист алгачкы жолу мындай окуяга туш болуп жатканын жана окуя ал сүйгөн Кыргызстанда болуп жатканына капа болгонун жазган.

Ишкана маалымат таратып төмөнкүлөрдү билдирди. «2025-жылдын 8-августтунда Бишкек-Балыкчы поезддинде чет элдик жүргүнчүгө коштоочу Максат Рахматов кызматтык этиканы сактабай, орой мамиле кылгандыгы үчүн тартиптик жаза катуу сөгүш берилди жана ээлеген кызматынан бошотулду», — деп жазылат маалыматта.