Поезддин алдында калып, көз жумган жигиттин агасы: «Инимдин кулакчындары үйдө турат»

Кечээ, 27-июнда Бишкекте 17 жаштагы өспүрүмдүн поезд алдында калып, көз жумганы маалым болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган жигит поезддин берилген атайын үн белгисине көңүл бурган эмес. Жигит ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей көз жумган. Факты РИИБге каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Маркумдун бир тууган агасы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине инисинин кулакчындары үйдө калганын айтат. «Кулакчын менен болгон болушу мүмкүн деп жатышат, бирок алар үйдө турат», — деди ал.