«Полит Узник» баракчасынын администратору 48 саатка камакка алынды

Фейсбуктагы  «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалды. Бул тууралуу аталган баракчада жазылат. 

Маалыматка караганда, ал 48 саат Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында болот. «Активист 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат маалыматта.